Бүгүн Бишкекте, Юнусалиева көчөсүндөгү 16 кабаттуу турак жай комплекси курулуп жаткан жерде, саат 9:00 чамасында өрт чыкты. Өрт жер астындагы авто токтотуучу жайдын жогорку бөлүгүн камтып алды.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун департаменти жана Мамлекеттик сейсмостойку курулуш институту инцидент боюнча текшерүү жүргүзүштү. Өрттүн себеби токтотуучу жайда турган курулуш калдыктары болгондугу аныкталды. Бирок өрт сигнализациясы убагында иштеп, отту тез арада локализациялоого жана имараттын негизги жүктөө конструкциялары менен инженердик системаларына зыян келтирбөөгө мүмкүнчүлүк берди.