Бишкектин борбордук аянты 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында футболдук сезимдердин борбору болот. Кыргыз футбол федерациясы 19-июлда Ала-Тоо аянтында фан-зонанын расмий ачылышын өткөрөрүн жарыялады.
Иш-чаранын алкагында 21:00дө башталып, төрт саатка созула турган кеңири программа пландалган. 01:00дө көрүүчүлөр дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна түз трансляцияны көрө алышат.
Футбол сүйүүчүлөрү жана борборго келген коноктор үчүн чоң светодиоддук экранда сапаттуу үн жана визуалдык коштоолор менен трансляция уюштурулат. Мындан тышкары, фан-зона ар түрдүү көңүл ачууларды сунуштайт: тамак-аш базары, оюн зоналары жана сыйлыктарды утуп алуу.