Чолпон-Атада бүгүн Пакистан президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өттү. Церемония эки өлкөнүн гимндерин аткаруудан башталды, андан кийин президенттер өз делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды.
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө башталып, андан соң кеңейтилип, эки мамлекеттин өкүлдөрү катышкан форматта улантылат. Сүйлөшүүлөрдүн борборунда саясий кызматташтык, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу маселелери турат.
Мындан тышкары, транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана энергетика, айыл чарба, билим берүү, туризм жана саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда өз ара аракеттешүүнү күчөтүү багыттары талкууланууда.