2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Канада, Мексика жана АКШда өтүп жатат, дагы бир жуп чейрек финалисттер аныкталды. 7-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча 1/8 финалдын эки оюну өттү.
Испания Португалияны 90+1-мүнөттө чечүүчү голду киргизип, жеңип чыкты, ал эми Бельгия АКШнын курама командасын 4:1 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Эми Испания жана Бельгия чейрек финалда Калифорния штатындагы Инглвуддагы «Соу-Фай» стадионунда жолугушат.
Мурда 1/4 финал үчүн дагы эки жуп аныкталган. 8-июлга караган түнү 1/8 финалдын акыркы оюндары өтөт, андан кийин бардык чейрек финалисттер белгилүү болот.
1/4 финалдын матчтарынын расписаниеси
10-июл
02:00 Франция - Марокко
11-июл
01:00 Испания - Бельгия
12-июл
03:00 Норвегия - Англия