Чүй облусунда жапайы өсүмдүк болгон каннабисти жок кылууга багытталган «Кара-Куурай» масштабдуу операциясы башталды, бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Ар жылы Чүй облусунда «Кара-Куурай» аттуу комплекс операциясы өткөрүлөт. Бул иш-чаранын негизги максаты жапайы өсүмдүк болгон каннабистин өсүү жерлерин аныктоо жана жок кылуу, ошондой эле каннабис бышып жетилген мезгилде наркотиктерди даярдоо, ташуу жана сатуу каналдарын токтотуу.