1-январь 2025-жылдан баштап Кыргызстанда өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилиген жоопкерчилиги системасы (РОП) алкагында утилизациялык жыйымдын милдеттүү түрдө төлөнүшү күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул маанилүү кадам тууралуу маалымдады.
РОП системасы өндүрүүчүлөр жана импортёрлор товарлардын жана упаковкалардын колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин кайра иштетүүгө жоопкерчиликти өзүнө алышын максат кылат. Бул өлкөнүн экологиялык абалын кыйла жакшыртууга жана калдыктарды кайра иштетүү деңгээлин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.