Ош шаардык мэриясында бүгүн жарандарды жеке кабыл алуу өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэрдин орун басары Эрнис Толтоев шаардыктардан келген кайрылууларды угуп, мэриянын өкүлдөрү, муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү талкууга катышты.
Тургундардын көтөргөн негизги маселелери турак жай маселеси, жер амнистиясы, транспорт кызматтары, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтарга байланыштуу болду.
Мэрдин орун басары жеринде бардык маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алып, жарандардын кайрылууларын жыйын учурунда ыкчам карап чыкты.