Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын кармоо операциясын жүргүзгөнүн ырастады. 5-июлдагы иш тууралуу мекеме 7-июлда маалымат берди.Билдирүүдө айтылгандай, мурдараак чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыш иши...