Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти. Бул тууралуу мекеме социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялады.Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.Ар бир...