Күндүн экинчи жарымында 7 жана 8-июлда Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда селдик көрүнүштөр күтүлүүдө. Ошондой эле, дарыяларда суу деңгээлинин көтөрүлүшү болжолдонууда, деп билдирет Кыргызгидромет.
Бул табигый көрүнүштөрдүн себептери жогорку температуралар жана жакын арада күтүлгөн жергиликтүү жамгырлар болот.