Экология жана табигый ресурстар министрлигинин кызматкерлери Узген районундагы Кемпир-Абад жана Айтматов районундагы Киров суу сактагычтарында текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Рейддердин натыйжасында мыйзамсыз балык уулоо менен байланышкан мыйзам бузуулар аныкталды.

Кемпир-Абад суу сактагычында инспекторлор балык уулоо үчүн 200 метр синтетикалык торлорду колдонгон бир нече жаранды кармашты. Мыйзам бузуучуларга 8,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.