7-июлда Ирандын ыйык деп саналган Кум шаарында миңдеген адам Ислам жумуриятынын төрт ай мурун өлтүрүлгөн руханий лидери, аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулду. Аза күтүү иш-чараларынын уланып жатканына төрт күн болду.Хаменеинин сөөгү 9-июлда туулган шаары Мешхедде жерге берилердин алдында шиилер үчүн ыйык саналган жайларда бир катар иш-чаралар уюштурулат.Мамлекеттик телеканал Кумда миңдеген киши топтолгонун көрсөттү.Ал жердеги жаназа намазын 93 жаштагы дин аалымы...