Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан жаштар арасындагы бокс боюнча чемпионатта күрөшүн улантууда. 19 жашка чейинки боксчулардын катышуусундагы турнир Джакартада өтүп, көрүүчүлөрдүн жана адистердин көңүлүн бурууда.

Соревнованиянын экинчи күнүндө, 7-июлда, 1/8 финал этабында 22 беттеш пландалган. Кыргызстандыктардан төрт өкүл рингге чыгып, маанилүү беттештерге даярданышууда.