Бүгүн, 7-июлда, Чолпон-Атада Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Пакистан президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өттү. Иш-чара "Рух Ордо" маданий борборунда болуп, Кыргызстан президентинин администрациясынын колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чарада эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, 40 этно-жоокерден турган ардактуу караул уюштурулду.