Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар тараптарды мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгында өтө турган экологиялык кеңештин ачык жыйынына катышууга чакырат. Иш-чара борбордун жашылдандыруу менен байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоого арналат.

Экологиялык кеңештин жыйыны пландалган:
  • 2026-жылдын 10-июлунда саат 17:00дө
  • Багыш көчөсү, 82 дарегинде жайгашкан "Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишканасынын питомнигинде.
Мындан тышкары, каалагандар муниципалитеттин сунуштарын жана активисттердин кайрылууларын угуу үчүн, ошондой эле шаардагы көйгөйлүү жерлерди биргелешип кыдыруу үчүн катыша алышат. Бул үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын имаратына, Чүй проспектиси, 166 дарегине саат 16:00дө келүү зарыл. Объездден кийин катышуучулар "Бишкекзеленстрой" МПнын питомнигине жөнөшөт.