Loch Ness сортундагы каражоттун биринчи түшүмү Талас облусунда жыйналды
Талас облусунун Манас районунун фермери Чубак Жолдошбеков өткөн жылы 3,6 гектар жерге отургузган Loch Ness сортундагы каражоттун биринчи түшүмүн жыйнап алды. Бул тууралуу Азык-түлүк министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолдошбековдун айтымында, бир каражоттун кустунан 15 килограммга чейин мөмө жыйнап алууга болот. Фермер түшүмдүүлүктү гектарына 10 тоннага чейин жогорулатуу пландарын түзүүдө.