Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын лидери Асиф Али Зардаринын расмий жолугушуусу өттү. Жолугушуу «Рух-Ордо» маданий борборунда болуп, урматтуу караул жана этно-жаңычылар катышкан салтанаттуу азем уюштурулду.


Президенттин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, маданий борбордун аймагында Кыргызстандын жана Пакистандын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, урматтуу караул уюштурулду. Аземге 40 этно-жаңычылар катышты.