Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы ырастады.Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учак канаты сынып, жерге жатып калган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылды.Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. "Манас" эл аралык аэропортунан аба каттамдары убактылуу...