
Кыргызстандын аялдар волейбол командасы (U-18) Таиландда өтүп жаткан 18 жашка чейинки кыздар арасындагы Азия чемпионатында Австралия командасына утулду. Оюн 6-июлда 9–16-орундар үчүн күрөшүү алкагында өтүп, австралиялык волейболчулардын пайдасына 3:0 эсебинде аяктады.