





52870-число аскер бөлүгүнүн аймагында 29-июндан тарта аба десанттык даярдык боюнча окуу-жаттыгуу жыйыны өттү, ага Түштүк-Чыгыш оперативдик командалык бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери катышты. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыйын учурунда аскер кызматкерлери аба десанттык даярдыктын теориялык аспектилерин үйрөнүшүп, парашюттарды орнотуу процессин өздөштүрүшүп, секирүүгө даярдык көрүү тартибин иштеп чыгышты.
7-июлда 52870-число аскер бөлүгүнүн полигонунда окуу жыйынынын акыркы этабы өтүп, аскер кызматкерлери 800 метр бийиктиктен парашют менен ийгиликтүү практикалык секирүүлөрдү жасашып, даярдык учурунда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тастыкташты.