



Экологиялык таза жылуулук системдерин жеңилдетилген кредиттоо боюнча пилоттук долбоор Кыргызстандагы бардык аймактарга кеңейтилиши пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева билдирди.
Азыркы учурда «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик инициативасы Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламедин райондорунда гана ишке ашырылууда. Долбоор Каржы министрлиги тарабынан Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып жатат.

«Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламедин райондорунун тургундарын гана камтыйт. Эгерде тажрыйба ийгиликтүү болуп, катышуучулардан оң пикирлер болсо, долбоорду өлкөнүн бардык аймактарына кеңейтүү пландалууда», — деди Мусакожоева.