Казахстан Кыргызстанга бензин жеткирүүнү карап жатат

Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандан бензин жеткирүү боюнча расмий суроо алганын тастыктады.



Казакстан Кыргызстанга бензин жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. РКнын энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев бул тууралуу маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


«Суроо кыргыз тараптан гана келип түштү, азыр биз аны карап жатабыз. Бардык чечимдер Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат», – деп баса белгиледи орун басар министр.


сүрөт www