









«Алтын балалык» жазгы эс алуу лагеринде Бишкек шаарынан 700 жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары каникул өткөрүүдө. Башкы шаардык мэриясы билдиргендей, балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн алар жаш курак топторуна бөлүнүп, тажрыйбалуу жетекчилер жана тарбиячылар тарабынан көзөмөлдөнөт. Окуучулар бардык смена бою педагогдор жана медициналык адистердин көзөмөлүндө болушат.
Лагердин программасы билим берүү, спорт жана чыгармачылык иш-чараларын камтыйт. Ар күнү спорттук мелдештер, викториналар, чыгармачылык конкурстар, концерттер, командалык оюндар, мастер-класстар жана лидерлик сапаттарды, чыгармачылык потенциалды жана командалык иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган көңүл ачуу иш-чаралары уюштурулат.