Ош шаарынын жанындагы Озгур айылында 71,6 гектар аянтты ээлеген «Конур-Жаз» агропромышлендык комплекси курулушу пландалууда. Проект Ош мэриясынын командасы тарабынан Жанарбек Акаевдин жетекчилиги менен президенттин атайын тапшырмалары боюнча өкүлү Бакыт Торобаевге сунушталды.

Мэриядан маалымдашкандай, курулуш үчүн бөлүнгөн жер участогу жайыттар категориясынан өнөр жай жерлерине өткөрүлгөн. Бардык зарыл мамлекеттик актылар жана профилдик ведомстволордун корутундулары алынган.