Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын учагы учууга даярданып, күүлөнүп бараткан учурда арткы шассилеринин бири сынып кетип, самолет көтөрүлө электе сол канатына кыйшайып токтогон. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.