Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди."Кытай 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишимди бекитти. Алардан кошумча 5 миң тонна дизелди алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети Беларустан 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизел отунун ташуу боюнча келишимге кол койдук. Аны алып...