Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясынын учагынан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик компаниясынын өкүлү Алена Хоменко "Азаттыкка" ырастады.Алена Хоменко билдиргендей, учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулап кеткен. Учактын...