Авиакомпания TezJet 7-июлда Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда болгон окуяны тастыктады. Бишкектен Ошко учуп жаткан учак көтөрүлүү учурунда жанына бурулуп кетти.

Экипаж жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүп, авариялык траптарды колдонуп, шашылыш эвакуация жүргүздү. Учакта болгон бардык жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү коопсуздук менен учактан чыгып кетишти.