Аэропорт "Манас"та 7-июлда "Тез Джет" авиакомпаниясына таандык учак менен инцидент болду. Бишкек-Ош рейсинин учурунда учактын арткы шасси стойкасы сынган, бул бортуң сол канатына бурулуп кетишине алып келди.
Инцидент учуп чыккан учурда, учактын ылдамдыгы дагы эле аз болгондуктан, пилоттор учакты убагында токтотууга мүмкүнчүлүк алышты. Бирок токтогондон кийин борту сол канатына жыгылып, авиакеросиндин агып кетишине себеп болду. Окуя болгон жерге тез арада өрт коопсуздугу кызматтары жетти.