"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт, видеолордон көрүнгөндөй, учактын шассисинде көйгөй чыккан. Жүргүнчүлөр үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган. Бортто 181 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.