Министрлер кабинетинин курулуш боюнча министрлиги Бишкектеги «Кара-Жыгач» жашоо массивинде мектептин курулушунун учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди. Окуу жайы 750 окуучуга ылайыкташтырылган жана 2026-жылдын февраль айында курулушу башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын курулушу активдүү жүрүп жатат жана дагы жабындын курулушу боюнча иштер башталды.
Мектептин долбоору 8 миң 234 квадрат метр аянтты камтыйт. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүктөрдү сактоого арналган жайы бар ашкана, компьютердик класстар, акттык зал, эмгек билим берүү кабинеттери, ошондой эле заманбап стандарттарга жооп берген спорт зал жайгашат.