Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун жүз жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого арналган жыйын өткөрдү. Маалыматка караганда, жыйында юбилейдик салтанаттардын концепциясы сунушталды. Мерекени белгилөөнүн программасына этнокультурдук иш-чаралар, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларынын көргөзмөлөрү, улуттук спорттук мелдештер, концерттер, ярмаркалар жана башка иш-чаралар кирет.
Кеңешүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга юбилейдик иш-чараларды сапаттуу даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.