Садыр Жапаров Пакистан президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Биргелешкен билдирүү кабыл алынды
Бүгүн, 7-июлда, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Пакистан президенти Асиф Али Зардари ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Жолугушуу эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка байланыштуу ар кандай маселелер боюнча пикир алмашуу форматында болду. Маалымат президенттин администрациясынын маалымат саясаты кызматы тарабынан берилди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Ал бүгүнкү жолугушуу саясий диалогду тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу үчүн катализатор болот деген ишенимин билдирди.