Ала-Арча суу сактагычында браконьер балыкчылар кармалды
"Ала-Арча №3" (Төмөнкү) суу сактагычында балык уулоонун эрежелери бузулганы катталды. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Рейд учурунда 122 балык жана ар биринин узундугу 100 метр болгон эки синтетикалык балык уулоочу тор менен кармалган балыкчылар токтотулду.

Табигый ресурстар министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү.