
Сүрөт иллюстративдик. Күн панелдерин өндүрүүнү Сингапур Кыргызстанда уюштурат
Министрликтин маалыматына ылайык, ишкана 2 гигаваттка чейин кубаттуулукка ээ болот. Компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле Энергетика министрлигинин, Экономика министрлигинин жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери долбоордун деталдарын жана жогорку натыйжалуу фотоэлектрдик элементтерди өндүрүүнү баштоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн жолугушту.
Жаңы завод күн энергиясы тармагындагы эл аралык жеткирүү чынжырынын бир бөлүгү болуп, өлкөдөгү тармактын өнүгүшүнө көмөктөшө алат.
Переговорлордун жүрүшүндө жогорку технологиялык өндүрүштү локализациялоо, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу маселелери да каралды.
Sunvera Solar Pte. Ltd. — 2025-жылы катталган жеке компания, оптом соода жана консультациялык кызматтар менен алектенет. Анын энергетика секторундагы мурдагы долбоорлору тууралуу ачык булактарда маалымат жок.