
Эл аралык «Манас» аэропорту 8-июлда, болжол менен 09:00дө авиарейстерди кабыл алууну жана жөнөтүүнү калыбына келтирет. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн убакыт өзгөрүшү мүмкүн экенин белгилешти.
Аэропортто учакты учуу тилкесинен тазалоо иштери аяктады жана учурда авиакеросиндин издерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Аэродромдун убактылуу жабылышына байланыштуу бардык рейстер токтотулган.