Эл аралык «Манас» аэропорту учак менен болгон инциденттен кийин ишин кайра баштады
9:00гө карата учак эл аралык «Манас» аэропортунун учуп-отуруу тилкесинен алынды. Учурда адистер перрондогу авиаотунунун төгүлүшүнүн кесепеттерин жоюу менен активдүү иштеп жатышат. Аэропорт кадимки режимде иштеп жатат, бирок кээ бир рейстердин расписаниесинде убактылуу кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жарандык авиация мамлекеттик агенттиги TezJet авиакомпаниясынын авариялык отуруу инцидентин расмий иликтөөнү баштады. Бул инциденттин бардык себептерин жана обстоятелстволорун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.