Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош шаарындагы Архитектуралык-курулуш контролдоо мамлекеттик департаменти 2026-жылдын 7-июлунда «Алтын Строй Групп» курулуш компаниясы Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде көп кабаттуу турак үйдү зарыл архитектуралык уруксат документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң жыйынтыгы жок туруп куруп жатканын аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, компанияга 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды, курулуш токтотулду.
Быйылкы жылдын июнь айынын башында ушул эле фирманын Курманжан-Датка көчөсү, 24 дарегиндеги башка объектте инспекция жүргүзүлгөндө, жер казуучу иштер тиешелүү документтерсиз жана курулуш нормаларын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Бул себептен объекттеги иштер да токтотулду.