Кыргыз Республикасынын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарды 1210 кыска номеринин иштеши тууралуу маалымдайт. Бул министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, колл-центр мамлекеттик колдоо программалары тууралуу актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
1210 номерине чалып, өлкөнүн тургундары жеңилдетилген кредиттер, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу сатып алуу шарттары жөнүндө маалымат ала алышат. Ошондой эле колл-центрдин адистери ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр.