Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.Маалыматта айтылгандай, шектүүнү камакка алууну тергөөчү өтүнгөн. Соттун билдирүүсүнөн Уранбек Шадыбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганы...