


Иссык-Атин районунда Нурманбетов айылдык аймагынын контур №261 аймагында социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтардан кийин мыйзамсыз таштандыларды жайгаштыруу фактысы аныкталды. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул факт боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн маалымдады.
Чүй облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүзүү үчүн жерине барышты.