Бул жылы Кыргызстан 4,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат

2023-жылы Кыргызстан 4,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.


Ал өлкөдөгү электр энергиясынын өз өндүрүшү 15 миллиард киловатт-сааттан аз экенин, ал эми жалпы керектөө 19 миллиардга жакын экенин белгиледи.


Керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.


сүрөт www