
Ош облусунда жазгы эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 8 миңден ашык сурок жана 20 ондатра катталды. Бул маалыматты Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берди.
Ош облустук экология башкармалыгынын адистери белгиленген маршруттар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүштү. Иштин жүрүшүндө талаа байкоолору жүргүзүлүп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтар жыйналды.
Эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча жапайы жаныбарлар арасында инфекциялык оорулардын белгилери аныкталган жок.
Мындан тышкары, аңчылык чарбаларынын пайдаланучулары жана атайын корголуучу табигый аймактардын, мамлекеттик заповедниктердин жана табигый парктардагы кызматкерлер менен биргеликте жаныбарлардын абалын мониторинг жүргүзүү үчүн тиешелүү иш-чаралар уюштурулду.