
Александр Лукашенко, Шавкат Мирзиёев Бишкекте
Узбекистан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев 8−9-июлда Беларуська расмий сапар менен, өзүнүн кесиптеши Александр Лукашенконун чакыруусу менен жөнөйт. Бул тууралуу узбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Минскте өтүүчү жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери соода көлөмүн көбөйтүү жана айыл чарба, машина куруу, фармацевтика, ошондой эле жеңил жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Переговорлордун жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландалууда. Визиттин алдында Минскте үчүнчү Аймактар аралык форум өтөт, ага эки өлкөнүн региондорунан жана бизнес өкүлдөрү чогулат.