Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда келе жаткан жылуулук сезону үчүн электр энергиясын өчүрүү боюнча пландар жок экенин билдирди. Бул билдирүү күз-кыш мезгилине даярдыкка арналган пресс-конференцияда айтылды.
Рысбеков жыйындын жүрүшүндө өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча чаралар талкууланганын белгиледи. «Биз өчүрүүлөр болбосун деп аракеттенебиз. Бирок, техникалык өзгөчөлүктөрдү эске алганда, авариялык кырдаалдар пайда болушу мүмкүн. Жаңы техника да кээде кемчиликтерге ээ болушу мүмкүн», — деп баса белгиледи министр.