Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлери Дин иштеринин жана этностор аралык мамилелердин улуттук агенттиги менен кызматташып, Кыргызстан муфтиятынын өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол форматында профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Талкуу учурунда диний тармактагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттин светтик мүнөзүн түшүнүү жана калк арасында укуктук, санариптик жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле этникалык жана диний коомдор арасында өз ара урматтоону бекемдөөгө көңүл бурулду.

Бул иш-чаранын максаты конфликттерди алдын алуу жана диний чыдамсыздык, душмандык жана зомбулук көрүнүштөрүнүн алдын алуу болду.
Тегерек столго Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле облустун казысы Нейматулла ажы Жээнбеков жана ар кандай диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.