Кыргызгидромет Бишкек үчүн 8-июлдан 14-июлга чейин аба ырайынын алдын ала маалыматын сунуштады. Синоптиктер 8-июлда борбордо туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын, күндүз жамгыр жана грозалар болушу мүмкүн экенин, түнкүсүн болсо жамгыр болбой турганын эскертет.

9-июлдан 14-июлга чейин Бишкекте туруктуу аба ырайы күтүлүүдө, негизинен жамгырсыз. Шамал батыштан 4–9 метр секундга чейин сокмокчу.