1-июлдан 3-июлга чейин коомдук фонд «Илбирс фонду» кызматкерлери мамлекеттик «Хан-Тенири» табият паркынын егерлери менен кызматташып, фотокапкандарды орнотуу үчүн талаа экспедициясын өткөрүштү. Бул иш-чара жапайы табиятты мониторингдөөдө маанилүү кадам болуп калды.
Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн команда төрт топко бөлүнүп, ар бир топ жапайы жаныбарлардын жашоо үчүн стратегически маанилүү аймактарында жабдууларды орнотууга катышты.
Фотокапкандар төмөнкү локацияларда жайгаштырылды:

  • Кайынды

  • Энильчек

  • Сары-Джаз

  • Адыр-Төр


Ар бир фотокапкан сирек жана коргоого алынган түрлөрдүн жашоосу тууралуу маанилүү маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк берет, бул алардын популяциясынын абалын баалоого жана коргоо чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, фонддун билдирүүсүндө айтылат.
Бул иш «Табиятты коргоодо бирдиктүү ден-соолук — Ортолук Азияда табиятты коргоо системаларын консолидациялоо аркылуу зооноздордун пайда болушуна туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө, ал Эл аралык табиятты коргоо союзунун колдоосу менен ишке ашырылууда.