
Кыргызстандын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Эрлист Акунбековдун жетекчилиги астында аппараттык жыйын өтүп, сезондун негизги маселелери, анын ичинде жыйноо кампаниясы, санариптик трансформация жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгү талкууланды.