Кара-Кечин ТЭСинин курулушу: Проект кандай этапта турат?

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык кабинет» медиа долбоорунун алкагында Кара-Кечин ТЭСинин курулушундагы учурдагы прогресс тууралуу маалымдады. Анын айтымында, инвестициялык келишимдин алкагында аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө.

ТЭНди даярдоо боюнча иштер башталып, улантылууда. Алардын аяктаганынан кийин курулуш этапына өтүү пландалууда. Станциянын кубаттуулугу 1 200 мегаваттты түзөт жана биринчи этапта ар бири 300 мегаватт болгон эки энергия блогун куруу каралган. Бул этаптын ишке ашыруу мөөнөтү 36,5 айды түзөт.